Боксчу Дмитрий Биволго Бишкектен батир белекке берилди

Боксчу Дмитрий Биволго Бишкектен батир белекке берилди

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Байсалбек Эргешов WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион Дмитрий Биволго борбор калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу активист Мурат Соорбеков билдирди.

«Экс-депутат мушкерге батирдин ачкычын кичи мекенинде үйү болсун жана Кыргызстанга тез-тез келип турсун деп тапшырды», — деди ал.

Дмитрий Бивол кыргызстандык, орусиялык мушкер. Ал Кыргызстанга Ысык-Көл районунун Тамга айылындагы машыгуу сборуна учуп келген.

Буга чейин Дмитрий Биволго «Токмок шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылганын шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова билдирген. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>