Адилет Балтабай Жекшеналиевдин камалышы боюнча оюн айтты

Адилет Балтабай Жекшеналиевдин камалышы боюнча оюн айтты

Камактагы активист Адилет Балтабай «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган жаш активист Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча оюн билдирди.

Адилет Балтабай өзүнүн баш коргоо чарасын караган соттук отурумда Жекшеналиевге боштондукка чыгуусун каалады.

«Мен аны жакшы таанычумун. Саясий пикири бийликке жакпай калганы үчүн камалды. Кыргызстандын эгемендик күнү келе жатат, кырчындай жаш жигиттерди эгемендиктен ажыратып турса, Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн эгемендигин кимдер сактайт. Патриот жигиттерди каматып, эгемендүүлүккө кантип жетишебиз деген суроо салгым келет. Ырыска боштондук. Өзүмдүн тилектештигимди билдирип, Ырыска боштондук каалайм» — деди ал

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>