Сентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырдыМаданият министрлиги 27 млн сомду максатсыз колдонуу иши боюнча комментарий бердиОрусиянын расмий каттоосундо турган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жетти
Бүгүн Next TV каналынын директорунун соту болот
23.08.2022 | 10:39
Бүгүн, 23-августта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши кайрадан карала баштайт.
Соттук отурум дээрлик 1 айлык тыныгуудан кийин бүгүн Биринчи май райондук сотунда өтөт. Отурум саат 14:00гө белгиленген.
Эскерте кетсек, Next TV телеканалынын директоруна “улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча иш ачылган. Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын “Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет” деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом