3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
Бишкекте кафеден чыккан бойдон дайынсыз болгон кыз табылды
26.08.2022 | 10:39
Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Айсулуу үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка караганда, кыздын ата-энеси 25-августта саат 21:00дөр чамасында кызы аман-эсен үйүнө келгенин билдиришкен.
Буга чейин 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы “Баткен” кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.
Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом