2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады
Бишкекте кафеден чыккан бойдон дайынсыз болгон кыз табылды
26.08.2022 | 10:39
Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Айсулуу үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка караганда, кыздын ата-энеси 25-августта саат 21:00дөр чамасында кызы аман-эсен үйүнө келгенин билдиришкен.
Буга чейин 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы “Баткен” кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.
Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом