УКМК экстремизмди жайылтып жүргөн чет элдик жаранды кармады
Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыштардын бердиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 8-сентябрында УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны Ч.Д.Д. кармалды.
[image_carousel source=”media: 154093,154092,154091,154090″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды.
Учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз