Чет элдикти өлтүрүүгө аракет кылган шектүү Казакстанда кармалды

Чет элдикти өлтүрүүгө аракет кылган шектүү Казакстанда кармалды

Чүй облусунда чет элдик жарандын өмүрүнө кол салууга шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 3-сентябрда Ысык-Ата райондук милициясына аймактык ооруканага бычактан жарааат алган Россиянын 24 жаштагы жараны алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өмүрүнө кол салуу) боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.А. аттуу жаран аныкталган. Аталган жаран окуя болгон күнү эле Казакстанга чыгып, жашырынып кеткени белгилүү болгон. Шектүүгө издөө жарыяланып, аны камакка алуу чечими чыгарылган.

Натыйжада шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, колго түшүрүлгөн. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>