Баткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтСобянин мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолуктуБишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдөБишкекте мас айдоочу мушташып, андан соң элди бычак менен коркутту
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки жоокер жараат алды
14.09.2022 | 14:00
Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесинде чыккан чек ара чырында кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Мина аткычтан чыгарылган снаряддын жарылышынан бир аскерге минанын сыныгы тийип өткөн, бири контузия алган.
Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасынын Баткендин Булак-Башы тилкесинде чыр чыкты. Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атууну тажик тарап баштаганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстан тарап чырдын башталышына Кыргызстанды айыптоодо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом