Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Эртең Сербиядан кыргыз спортчулары келишет
14.09.2022 | 19:52
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы эртең, 15-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00дө Сербиянын Белград шаарынан Бишкекке келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн тосуп алуу аземи “Манас” эл аралык аэропортунун “Манас-2” расмий делегациялар залында өтөт.
Президенттин тапшырмасы менен күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн тосуп алуу жогорку деңгээлде уюштурулууда.
Грек-рим күрөшү боюнча (77 кг) Акжол Махмудов жана (60 кг) Жоламан Шаршенбеков алтын медалга ээ болушту. Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль тагынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт