Садыр Жапаровду Өзбекстан кандай тосуп алды?  

Садыр Жапаровду Өзбекстан кандай тосуп алды?  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна ШКУ Саммитине катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>