Бүгүн, 19-сентябрь — Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү.
14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, дагы 144 киши жараат алды. Аймактан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлдү.
Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.
Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү таратып, «Тажикистан Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине чыккынчылык менен кол салды», деп билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз