ЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылды
Сокулук РИИБдин жетекчиси катышкан жол кырсыгы: Кичиавтобустун айдоочусу ооруканада каза болду
10.12.2019 | 13:25
Сокулук райондук милициясынын жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында жаракат алган кичиавтобустун айдоочусу ооруканада каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Мекеменин маалыматына караганда, жабырлануучу 9-декабрда каза болгон.
Белгилей кетсек, райондук милициянын башчысы Максат Чойбеков 7-ноябрь күнү Mercedes Benz унаасы менен менен баратып, Mercedes Sprinter унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана кичи автобустагы эки жүргүнчү жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Бул окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясынын жетекчиси Максат Чойбеков кызматтан убактылуу четтетилип, ишти иликтөө УКМКга тапшырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар