Ысык-Көл облусунун Корумду айылында ишкер айым Кыял Саткангулова козу карын өстүрүп, киреше табууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Ишкер былтыр фондго долбоор менен кайрылып, 1 млн 300 миң сом пайызсыз насыя алган. Ал каражатты козу карын өндүргөн ишкана ачууга жумшап, керектүү жабдыктарды сатып алган.
Учурда ишканада 8 кызматкер иштейт. Козу карын бизнеси Кыргызстанда жаңы өнүгүп келе жаткандыктан атаандаштык аз, кирешеси жакшы. Суроо-талап да көп.
«Ишкер айымдын айтымында, буйрутманын көптүгүнөн сезон убагында керектүү көлөмдө козу карын менен камсыздоо мүмкүн болбой калат. Андыктан ишкерлик баштайм дегендер болсо ушул тармака басым жасап, өнүктүрсө дейт. Ошондой эле, келечекте козу карынды жыл бою өстүрүп, ички рынокту камсыз кылуу ойлору бар экенин билдирди», — деп билдирет фонд.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз