Аскерлерге ардагерлер снайпердик курал белек кылышты — видео

Аскерлерге ардагерлер снайпердик курал белек кылышты — видео

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ардагерлери Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине снайпердик курал белек кылышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстан менен чек арада кагылышуу коркунучу толук жоюла элек.  Ошондуктан, Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-батальонунун ардагерлери 16 000 сом чогултуп, атайын комплект сатып алышты. Ал түнкү көрүүчү аппарат, тепловизор.

Бул аппарат ИИМдин Жалал-Абад шаарындагы Ички аскерлеринин №704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бул бөлүктүн аскер кызматкерлери кырдаал курчуп кеткен учурда биринчи кезекте согуштук аймактарга жөнөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>