Ысык-Көлдө ишкер айым козу карын өстүрүп, киреше табууда

Ысык-Көлдө ишкер айым козу карын өстүрүп, киреше табууда

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында ишкер айым Кыял Саткангулова козу карын өст­үрүп, киреше табууда. Бул тууралуу Ысык-К­өл облусунун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Ишкер былтыр фондго долбоор менен кайрылып, 1 млн 300 миң сом пайызсыз насыя алган. Ал каражатты козу карын өндүргөн ишкана ачу­уга жумшап, керектүү жабдыктарды сатып алган.

Учурда ишканада 8 кызматкер иштейт. Козу карын бизнеси Кыргызстанда жаңы өнүгүп келе жаткандыктан ат­аандаштык аз, киреше­си жакшы. Суроо-талап да көп.

«Ишкер ай­ымдын айтымында, ​буйрутманын көптүгүнөн сезон убагында кере­ктүү көлөмдө козу ка­рын менен камсыздоо мүмкүн болбой калат. Андыктан  ишкерлик баштайм дегендер бо­лсо ушул тармака бас­ым жасап, өнүктүрсө дейт. Ошондой эле, келечекте козу карынды жыл бою өстүрүп, ички рынокту камсыз кылуу ойлору бар экен­ин билдирди», — деп билдирет фонд.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>