Бишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болушту
Ташиев кол коюлган №42 протокол боюнча түшүндүрмө берди – видео
26.09.2022 | 15:50
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан тарап менен кол коюлган №42 протокол боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, протоколго ылайык эки тарап бирден чек ара тозотун жана үчтөн бекетин алат.
“Протоколдо жерди берүү, чек араны аныктоо боюнча кол коюлган жок. Бул жерде конфликтти мындан ары болтурбай кармап туруу үчүн проктоколго кол коюлду. Чек араны аныктоону мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча комиссия чечет. Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттер аралык комиссиясынын ишин тез арада баштоо боюнча чечим кабыл алынды”, – дед ал.
Ошондой эле ал билдиргендей, чек ара бекеттери алынган жерлерге эки тарап өз аймагына видеокамераларды орнотот.
Алына турган чек ара бекеттери:
- «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
- «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
- «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
- «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом