Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду
03.10.2022 | 17:06
Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен Бекмурзаев убактылуу кызматтан четтетилип, министрдин милдетин аткаруу анын орун басары Таалайбек Ибраевге жүктөлгөн.
Башкы прокуратура буга чейин министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом