Кыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталдыСадыр Жапаров президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдуДжети-Огуздан чыккан жигит «Росатомдун» эл аралык кеңешине кантип мүчө болгон?Бишкекте «Учур» жаштар театры чыгармачылык сезонун ачат
Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан алынды
03.10.2022 | 17:17
Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шектелип кармалган. Анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу ишине байланыштуу.
30-сентябрда ал соттун чечими менен УКМК тергөө абагына эки айга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом