13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугушту
Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды
04.10.2022 | 09:58
Бишкек шаардык соту 3-октябрда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып, мурдагы чечимди күчүндө калтырды.
Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган. Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар