Баткенде 15 тоннадан ашык жер семирткичти мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

Баткенде 15 тоннадан ашык жер семирткичти мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы эрежелерин бузуу фактыларына бөгөт коюга жана аныктоого багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө Баткен районундагы «Развилка» мобилдик постунда КР жараны «З.Ж.К.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда автоунаанын салонунан Өзбекстанда өндүрүлгөн «Карбамид» жана «Аммиак селитрасы» үлгүсүндөгү минералдык жер семирткичтер табылган. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 7000 кг, баасы 300 000 сомду түзгөн. Жүктүн ЕАЭБ аймагына алып кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай коштомо документтери жок болгон.

Бул факты боюнча 60 000 сом айып салынды жана өндүрүлдү, 45 486 сом суммасында зыяндын орду толтурулган.

Ушундай эле кармоону Баткен бажысынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен-Ош унаа жолунда да жүргүзүшкөн. КР жараны «Г.К.Я.» башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда «Карбамид» жазуусу бар 177 кап минералдык жер семирткичтер табылган. Товардын жалпы салмагы 8850 кг, баасы 424 800 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча 60 000 сом айып салынды жана өндүрүлдү, 82 964 сом суммада зыяндын орду толтурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>