Токмоктогу 2 баласын өлтүргөн эне. Үй-бүлөнүн үч баласы атасынын жана туугандарынын камкордугунда – министрдикБалбан Бекзат Алмаз дүйнө чемпионатынын финалына жолдомо алдыХанзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келдиТоктогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт
«Макмал» алтын комбинатынын кызматкерлерине иш козголду
05.10.2022 | 16:10
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы “Кыргызалтындын” “Макмал” алтын комбинатынын филиалында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Текшерүү учурунда “Макмал” алтын комбинатынын филиалы жана “Кыргызалтын-курулуш” филиалынын жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 2 млн 143 миң 686 сомдук инвентарлык буюмдардын жетишсиздиги аныкталган.
Бул факты боюнча Тогуз-Торо районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар