Парламентке делимитация тууралуу келишим алынып келет, — депутат

Парламентке делимитация тууралуу келишим алынып келет, — депутат

Чек ара тууралуу келишим парламенттин кароосуна бир айда киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал парламент эски регламент менен тогуз айдан бери иштеп келе жатканын, жаңысын кабыл ала электигин айтып, бул боюнча Нурлан Шакиевдин оюн сурады. Ошондой эле ал чек ара боюнча келишим парламенттин кароосуна киргизилерин сөз кылып, бирок ал келишим кайсы өлкө менен экенин тактаган жок.

«Келе жаткан бир ай ичинде делимитация боюнча бизге өтө олуттуу маселе алынып келет. Ал келишим боюнча кабыл алана турган чечим эч кандай шексиз болушу шарт. Эгер биз шашылыш кабыл алсак, эртең-бүрсүгүнү маселе чыгышы мүмкүн», — деди ал.

Шакиев жетинчи чакырылыш кабыл алган мыйзамдардын, чечимдердин баарын мыйзамдуу деп эсептерин жана жаңы регламент жакынкы күндөрдө кабыл алынарын айтты.

Чыңгыз Айдарбеков сөз кылган чек ара тууралуу документ кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу болушу мүмкүн. Жакында эле эки өлкөнүн делегациялары кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол койгон.

Акыркы кезде коомчулукта Кемпир-Абад суу сактагычынын «Өзбекстанга берилгени» тууралуу сөздөр айтылууда. Аталган маселеге байланыштуу 4-октябрда президент Өзгөндө эл менен жолугушкан. Жолугушууга келген эл суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>