Жогорку Кеңеште бир мандаттуу округдардан 14 депутат «Мекенчил» депутаттык тобун түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-октябрындагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
14 депутат “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү болгон.
“Биз “Мекенчил” деген топ түздүк. Азыр 14 депутат кирди. Биздин топко катчылык түзүп, камсыздап бериңиз, — деди ал.
«Мекенчил» депутаттык тобунун курамына Элмурза Сатыбалдиев, Нурланбек Шакиев, Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Айбек Алтынбеков, Жаныбек Абиров, Улан Бакасов, Коргонбай уулу Жусупбек, Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шаирбек Ташиев, Данияр Төлөнов, Азизбек Турсунбаева, Карим Ханджеза кирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз