Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Парламентте “Мекенчил” депутаттык тобу түзүлдү. Ага кимдер кирди?
06.10.2022 | 11:43
Жогорку Кеңеште бир мандаттуу округдардан 14 депутат «Мекенчил» депутаттык тобун түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-октябрындагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
14 депутат “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү болгон.
“Биз “Мекенчил” деген топ түздүк. Азыр 14 депутат кирди. Биздин топко катчылык түзүп, камсыздап бериңиз, – деди ал.
“Мекенчил” депутаттык тобунун курамына Элмурза Сатыбалдиев, Нурланбек Шакиев, Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Айбек Алтынбеков, Жаныбек Абиров, Улан Бакасов, Коргонбай уулу Жусупбек, Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шаирбек Ташиев, Данияр Төлөнов, Азизбек Турсунбаева, Карим Ханджеза кирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар