Баткенде эл көчөдө калды, — депутат  

Баткенде эл көчөдө калды, — депутат  

Баткенде чындыгында абал өтө оор. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Нурлан Ражабалиев билдирди.

Анын айтымында, канчалаган жарандар жашаганга жери, кийгенге кийими, ичерге тамагы жок көчөдө жүрүшөт.

 “Алардын үй-жайлары толугу менен өрттөлүп, тонолуп кетти. Чек арада жашаган айылдардын коопсуздугу азыркыга чейин толугу менен камсыз боло элек. Күн сайын паника абалында жашап келе жатышат. Бирөө телефон аркылуу “качкыла” деп билдирүү жөнөтүп коет экен. Ошону менен дүрбөлөңгө түшүп калышат экен.

Канчалаган аялдар жана балдар үйлөрүнө барыша элек. Өкмөт калыбына келтирүү иштерин баштады. Бул боюнча бизге маалымат берип, биз дагы чогуу иштешсек деп айттык эле. Кыш келип калды. Алардын үйлөрүн канткенде тезирээк бүтүрүп беребиз? Ар бир маселени кылдаттык менен карап чыксак. Баткенде болгон окуяны кайра эле унутуп бара жатабыз. Буга көңүл буруу керек”, — деди депутат.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Анын кесепетинен 198 адам жабыркап, 63 адам каза болду. Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген жана Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.   

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>