Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Казакстанда батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады
12.10.2022 | 22:46
Казакстанда батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады. Бул туурасында жергиликтүү krisha.kz сайты жазып чыкты.
“Казакстанда, Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин биринчи жумаларда ижара акысы өскөн шаарларда ижара акысы төмөндөй баштады“, – деп айтылат сайтта.
Мониторингге ылайык, 5-12-октябрга карата Петропавловск, Актөбө, Павлодар, Уральск, Астана, Костанай, Атырау шаарларында терс тенденция байкалган, тагыраагы 10% төмөндөгөн.
Алматы, Актау, Караганда, Усть-Каменогорск, Чымкент шаарларында ижара акысы кымбаттады.
«Алматыда азырынча төмөндөө байкалган жок, бул жарым-жартылай базар структурасынын өзгөрүшүнө жана арзан батирлердин жетишсиздигине байланыштуу», – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар