Кыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармадыБишкекте үч саатта жол эрежесин бузган айдоочуларга 465 миң сом айып салындыКыргызстан Африкага биринчи жолу элчи дайындады
Бүгүн Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу өтөт
13.10.2022 | 09:08
Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.
“Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган”, – деди Султанбаев.
Садыр Жапаров 12-октябрда Астанага иш сапары менен барган.
- Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат