«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды
12.10.2022 | 19:22
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.
- Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана “Борбор Азия + Россия” Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат