Дүйшөмбү шаарында 10-15-октябрь күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын тактала элек тилкелери боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда