Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтор жолугушту

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтор жолугушту

Дүйшөмбү шаарында 10-15-октябрь күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын тактала элек тилкелери боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>