ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Ысык-Көлдө изделип жаткан россиялык эки жаран табылды
16.10.2022 | 14:32
Ысык-Көл облусунун Арал капчыгайында дайынсыз болуп жатканы айтылган россиялык эки жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМдин 3 куткаруучусу алар менен байланышка чыгып, тоодон аман-эсен түшүп келишкен.
Эскерте кетсек, 15-октябрда Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Россиянын 2 жараны дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок эс алуучуларды табышкан эмес.
Бүгүн, 16-октябрда издөө иштери кайра жанданып, 3 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом