Кыргызстан Bayraktar Akıncı сатып алууда: Анын өзгөчөлүктөрү

Кыргызстан Bayraktar Akıncı сатып алууда: Анын өзгөчөлүктөрү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына 12-октябрда Түркияда өндүрүлгөн Bayraktar Akıncı учкучсуз аскердик учактын жанында түшкөн сүрөтүн чыгарып, «Акынжы биздики. Боордош элибизге рахмат» деп жазып, Кыргызстан аталган учактарды сатып алып жатканын билдирди. Былтыр эле Кыргызстан Түркиядан Bayraktar TB2 дрондорун сатып алган.

Bayraktar TB2 менен Bayraktar Akıncı түркиялык Baykar Makina компанияcы чыгарган аскердик техника. Bayraktar Akıncı Bayraktar TB2ден кийинчерээк чыгарылып, жакшыртылган түрү.

Алгач ирет Akıncı’нын сүрөттөрү ММКларга 2018-жылы чыккан. Ага украиналык АИ-450С кыймылдаткычы орнотулган. Бардык сыноо-текшерүүлөрдөн кийин былтыр август айында Түркиянын аскердик аба күчтөрүнө куралданууга алынган.

Бул дрондун жүк (ракета-бомба) көтөрүмдүүлүгү 1 миң 350 кг түзөт: ички 400 кг жана тышкы 950 кг.

Bayraktar Akıncı 12,2 миң метр бийиктикке чейин уча алары айтылат. Анын канатынын жайылышы 20 метр, узундугу 12 метрди түзөт. Максималдуу учуу салмагы – 5,5 тонна. Ал эң көп 24 саатка чейин тынымсыз учуп жүрө алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына 360 чакырымга чейин жетет.

Ошондой эле Bayraktar Akıncı башкаруучу ракеталар менен жабдылгандыктан, ал жердеги гана эмес, абадагы буталарга сокку ура алат. Татаал аба шарттарында кынтыксыз иштөөсү үчүн дронго жасалма интеллект орнотулган.

Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı дронунан канчаны алып жатканы ачыкталган жок, бирок түркиялык басылмалар биринчи этапта Кыргызстан Bayraktar Akıncı учагынан төрттү сатып аларын жазышууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>