Ташкентте Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын эл аралык конференциясы өттү«Дордой» базарында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Эмнелер аныкталды?Чүйдө сабизден рекорддук түшүм алынды — гектарынан 91 тоннага чейин Кыргыз-жапон кызматташтыгы: Эдил Байсалов жапониялык ишкерлер менен жолугуштуТранспорт министрлиги айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакыратЕвропа биримдиги Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо үчүн 2,4 млрд доллар бөлөт
Бишкекте ишембиликтен кийин 500 метр куб таштанды чыгарылды
17.10.2022 | 22:55
Бишкекте ишембиликтен кийин 500 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-октябрь күнү “Таза Мурас” акциясын колдоп, шаардын бардык кызматтары, билим берүү мекемелери, мектептер, бала бакчалар, жеке жана мамлекеттик клиникалар, шаар тургундары үйлөрүн, кеңсесинин айланасын жана бөлүнгөн аймактарды иретке келтирүүгө чыгышты.
Ишембиликке 1500гө жакын адам катышты. Линияда 90 даана атайын техника, 200 жүктөгүч жана 650 тазалоочу иштеди. Жыйынтыгында 500 метр куб таштанды чыгарылды.
“Тазалык” муниципалдык ишканасы ишембиликтен кийин таштандыларды чыгарууну улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар