Милиционердин өлүмү боюнча облустук милиция билдирүү таратты  

22.10.2022 | 15:14

Таласта милиция кызматкери башына ок тийип каза болду. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир күн мурун, 21-октябрда саат 16.00дө Талас облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнөн милицияга баш сөөгүнөн ок тийип, баш сөөгүнөн жаракат алган 1972-жылы туулган М.А.нын баш мээси жабыркагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

РИИБ кошумчалагандай, 14-октябрдан бери милициянын подполковниги М.А. гипертония III даражадагы өтө жогорку тобокелдик диагнозу менен эмгек өргүүсүндө болгон.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top