Испанияда жакырчылык өсүүдө

Испанияда жакырчылык өсүүдө

Испаниядагы инфляция менен эмгек рыногундагы туруксуз кырдаалдан улам жаштардын кыймылсыз мүлк сатып алууга кыйындыкты жаратууда. Жыл сайын ата-энелери менен жашаган жаштар көбөйүүдө.

 “Биз бардык жыйнаган акчабызды үй сатып алууга жумшадык. Бирок, муну канчадан бери тырышып чогултуп араң жеткирдик”- деди жаштардын бири Мануэль.

Бирок ал кыймылсыз мүлк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар саналуу жаштардын бири. 35 жашка чейинкилердин көбү такыр башка реалдуулукта жашашат. Көптөр үчүн бир гана жол – үйлүү болуу.

«Жаштардын жарымынан көбү бизге мүлк сатып ала албагандыктан батирлерди ижарага алышарын айтышат. Башкача айтканда, алардын кыялдары талкаланды«, — дейт Fotocasa кыймылсыз мүлк сайтынан Мария.

Испанияда беш миллион адам жакырчылыкта жашашат, негизги керектөөлөргө жетишпей социалдык стигмага туш болушат.

Испаниялык кайрымдуулук уюмдары өлкөдөгү жакырчылык оорлоп баратканын эскертишүүдө.

«Социалдык басымдын айынан адамдарга бул кырдаалдан чыгууга жардам берүү ого бетер кыйындайт, анткени биз аларды обочолонтуп, алардан алыстайбыз, алар менен байланышкыбыз келбейт. Натыйжада адамдарды интеграциялоо үчүн мындайларга кыйын болуп жатат«- дейт психолог Фернандо Чакон.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>