Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун башчысы менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыЭл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалдыБеларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылдыБишкекте Кайгуул кызматынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп кармалган айдоочу ким болуп чыкты?6-апрель: Айрым аймактарда жаан жаайтКазакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
ИИМ: Кылмыш жасап, 19 жыл жашырынып жүргөн жаран кармалды
03.11.2022 | 16:46
Бишкекте 19 мурда кылмыш жасап, милициядан жашырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2003-жылы Бишкектин Рыскулов менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде, белгисиз жаран шаар тургунуна күч колдонуп, ири өлчөмдөгү акчасын тартып алган. Бул окуя боюнча Ленин райондук милициясы Кылмыш кодексинин (эски кодекс) 167-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
“Шектүү көп убакыт бою укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн. Ал издөөгө жарыяланган. Күн мурун милиция кызматкерлери каракчыны борбор калаадан кармашты, ал 19 жыл жашырынып жүргөн”, – деп айтылат маалыматта.
ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган 46 жаштагы Т.Э. аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом