Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Экстремисттик материалды таратууга шектелген жарандын иши сотко өттү
03.11.2022 | 17:28
Ош облусунун Өзгөн шаарынын 21 жаштагы тургуну диний экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы Т.А. аттуу жаран тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, “Инстаграмдагы” баракчасына таратып жүргөндүгү аныкталып, кармалган.
“Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш кодексинин 332-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш соттун кароосуна өткөрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом