12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды
10.11.2022 | 14:59
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку соттон билдиришти.
Маалым болгондой, Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы 4-ноябрда Октябрь райондук сотунда каралып, сот аны 10-январга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.
Буга чейин, 3-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун Теңгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырган.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом