Алайда 90 орундуу бала бакча ачылды

Алайда 90 орундуу бала бакча ачылды

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Жошолу айыл аймагында курулган 90 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Бардык шарты менен курулган мекеме аймактагы үч айылга кызмат кылат.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары мамлекет тарабынан социалдык мекемелерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бүгүн ачылып жаткан бала бакча мунун анык далили экенин кошумчалады.

“Буйруса ушул куттуу жайдан өлкөбүздү өнүктүрүп, дүйнөгө тааныткан уул-кыздар өсүп чыгаарына терең ишенем”, – деген төрага резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>