Камактагы Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды

Камактагы Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды

Бишкек шаардык соту тарабынан 10-ноябрга чейин камакта калтырылган «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдоду.

Анда мындай деп жазылат:

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, кайрымдуулук кылууңузду тизе бүгүп суранам.

Күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Анын ден соолугунун абалы оор. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз.

Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качып кетүү оюнда дагы болгон эмес. Ал катуу кансырап жатат, жүрөгү ооруйт жана кан басымы бар.

Ал жүрөк оорусун бизден жашырып келген. Ал мындан ары минтип иштей албайт. Болгону балдарыбыздын атасы, жолдошумдун өмүрүн сактап калууну каалайбыз.

Эгерде ал 30 жашта болсо, мен мынчалык тынчсызданбайт элем. Бирок, анын курагында инсульт коркунучу пайда болот. Бул статистика. Түшүнүүңүздөн үмүт кылып, сизге дагы кайрылам.

Урматтоо менен, Алпысбаева Илмира”

Эскерте кетсек, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган. Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>