Өлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүнАдылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштадыIV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр ЖапаровБишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулуудаБир ай мурун эркек кишини сабап кетишкен. Новопокровкада эки шектүү кармалды
Өзгөндө акча уурдоого шектелген жаран кармалды
18.11.2022 | 13:03
Ош облусунун Өзгөн районунда 29 жаштагы жаран акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-сентябрь күнү райондук милицияга 51 жаштагы Б.Э. аттуу жаран кайрылып, батирине белгисиз жаран кирип, 50 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
16-ноябрда аталган кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 29 жаштагы С. А. уулу аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом