Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрү келе баштады

Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрү келе баштады

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборуна Казакстандан сатылып алынып жаткан көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Электр станциялары» АКсы «Каражыра» АККсы менен 400 миң тонна көмүрдү тоннасын 53,45 доллардан сатып алууга келишим түзгөн.

«Кѳмүрдү жеткирүү 2022-жылдын ноябрынан баштап 2023-жылдын майына чейинки мѳѳнѳттѳ график боюнча жүргүзүлѳт. Кѳмүрдүн биринчи партиясы Бишкектин ЖЭБине келди, 64 жарымвагон кѳмүр түшүрүлдү жана 65 жарымвагон кѳмүр жолдо келе жатат. Азыркы учурда «Каражыра» АКсынын разрезинен 65 жарымвагон кѳмүр жүктѳлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн күз-кыш мезгилинде «Каражыра» АКсынан Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн 643 миң тонна көмүр сатып алынган.

Бүгүн, 18-нобярга карата ЖЭБде 172 миң тоннадан ашык кѳмүр бар. Бир күндө 7,2 миң тонна көмүр жагылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>