Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Бир аптада өлкөдө 235 мас айдоочу кармалды
21.11.2022 | 14:19
Бир аптада Кыргызстанда 235 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн аптада Кыргызстанда 16 миңден ашык жол эреже бузуу аныкталды.
Алардын ичинен:
– ылдамдыкты ашырып айдагандар – 3 миң 197,
– тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 235,
– унааны жараксыз айдоочулук күбөлүк менен айдоо – 45,
– унаа каражатын пайдалануу эрежелерин бузуу – 4 мин 598,
– автобейбаштык – 7,
– жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр – 237,
– жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 6 миң 566,
– унаасынын айнегин караңгылатып алгандар – 25,
– мас абалында унаа башкаргандар – 235,
Ошондой эле 1 миң 322 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом