Кыргызгидромет 23-ноябрга карата Кыргызстандын аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Анын маалыматына караганда, түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +9…+14
Талас облусу
түнкүсүн 0…+5
күндүз +8…+13
Баткен облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +11…+16
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +2…+7
күндүз +11…+16
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -1…+4
күндүз +7…+12
Нарын облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +3…+8.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болот.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз