Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сотко берет

Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сотко берет

Документи жасалма деп жалган жерден жалаа жапкандыгы үчүн Камбычек Ташиев менен Садыр Жапаровду сотко берип жатабыз. Бул тууралуу журналист  Болот Темиров Temirov Live ютуб каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал бийлик төбөлдөрүн жалган жалаа жапканы үчүн сотко кайрылат. Ошондой эле буга чейин дагы бир канча жолу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин үстүнөн сотко кайрылганын, ал ишти кабыл албай койгонун айтты.

Алардын айткандары расмий түрдө жетип турган жалгандык болгон үчүн, биз да алардан расмий түрдө жалган жалааны жокко чыгарууну талап кылабыз. Эртең, 23-ноябрь, саат 09:30да Бишкек шаардык сотунда сот иши кайрадан уланат. Андыктан Бишкек шаарынын апелляциялык сотуна журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырабыз. Сиздердин колдооңуздар абыдан маанилүү!”- деп жазды.

Эскерте кетсек, Свердлов райондук соту Болот Темировду баңги затын сактоо эпизоду боюнча күнөөлүү далилдер айкын эмес деп таап, иштин бир жактуу тергелиши жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча анын аракеттеринен кылмыштын курамын таппай актоо өкүмүн чыгарган. Анткени журналист жасалма эмес, чыныгы паспорт колдонгон.

Болот Темиров эки берене боюнча – паспорт алууда жалган маалыматтарды колдонуу фактысы боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ага ID-картаны (Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспортун) алуу үчүн аскердик билетти мыйзамсыз колдонгон жана өздүк күбөлүктү мыйзамсыз алган деп айып тагылган. Бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот ага жазаны белгилеген эмес. Журналист сот залынан бошотулган.

Эми Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арызды карап жатат.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>