Жамгыр, кар, шамал. 23-ноябрга карата аба ырайы

Жамгыр, кар, шамал. 23-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет 23-ноябрга карата Кыргызстандын аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Анын маалыматына караганда, түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +9…+14

Талас облусу

түнкүсүн 0…+5

күндүз +8…+13

Баткен облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +11…+16

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +2…+7

күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +7…+12

Нарын облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз +3…+8.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.  Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болот.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>