Кыргыз Эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты 24-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле министрлик Болот Шамшиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюла турганын кошумчалады.
Айта кетсек, белгилүү режиссёр кечээ, 21-декабрда оорудан улам каза болгон. Ал ноябрь айынын соңунан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада даарыланып жаткан.
[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″]Советтик кыргыз кино актёру, кинорежиссер, сценарист жана СССрдин эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) төрөлгөн.
Ал “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” ж.б. бир катар көркөм жана даректүү тасмаларды тарткан.[/su_heading]