Жол эрежесин бузгандар жоопко тартылат — Бишкекте “Рулда” рейди өтүүдөКөмүрдү белгиленген баадан жогору саткан айдоочулар Кара-Кеченин “кара тизмесине” киргизилетИИМ мушкер Дмитрий Биволдун мурунку жубайынын видеосуна байланыштуу иликтөө баштадыОшто турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин 5 баласы менен каза болдуБүгүн, 22-октябрга, карата аба ырайы“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөт
Бишкек – Ош жолундагы кырсыктан бир адам жабыркады – видео
20.12.2022 | 11:22
Бишкек – Ош жолунда 19-декабрда катталган жол кырсыктан бир адам жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык болжол менен саат 15:16да Бишкек – Ош жолунун 53-чакырымында болгон. “Газ-53” унаасы “ДАФ” жүк ташуучу унаасы менен сүзүшүп, жол жээгинде токтоп турган. Ошол маалда “Хонда Инспайр” (оң рулдуу) унаасы жолдун жээгинде токтоп турган “Газ-53” жүк ташуучу унаасын сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен “Хонда Инспайр” унаасынын 25 жаштагы А.В. аттуу жүргүнчүсү Жайыл районунун ооруканасына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом