Ысык-Көлдө милиционерлер балдарды өзгөчө куттукташты  

Ысык-Көлдө милиционерлер балдарды өзгөчө куттукташты  

Жаңы жылдын алдында Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жыл сайын өткөрүлүүчү «Милициянын Аяз атасы» акциясынын алкагында жаңы жылдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул жолку Аяз ата менен Аяз кыздын сапары балдар үчүн күтүүсүз болду. Алар ар бир бала менен баарлашып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырышты. Бөбөктөр жана өспүрүмдөр чындап бактылуу болушту.

Ысык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору кесиптештерине  көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди чогултууга катышуу үчүн чакырык жолдошкон.

Райондун бардык милиция кызматкерлери балдар үчүн майрам уюштурууга өз салымын кошушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>