Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Изилдөө: Кыргызстан ачкачылык рейтингинде канчанчы орунда турат?
21.12.2022 | 11:47
Кыргызстан 2022-жылы ачкачылык боюнча дүйнөлүк рейтингде 121 өлкөнүн арасынан 40-орунду ээледи.
Кыргызстандын индекси 7,8ди түзгөн. Индекс канчалык төмөн болсо, ачкачылыкка туш болуу тобокелдиги да ошончолук аз болот.
Изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда ачкачылык деңгээли 2000-жылдан 2022-жылга чейин 18 баллдан 7,8 баллга азайган.
Рейтингдин сап башында 5 жана андан аз балл менен 17 өлкө турат: Беларусь, Босния жана Герцеговина, Чили, Кытай, Хорватия, Эстония, Венгрия, Кувейт, Латвия, Литва, Черногория, Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Словакия, Түркия, Уругвай жана Йемен.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан – 21, Казакстан – 24, Тажикстан – 67 жана Түркмөнстан 49-орунда жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом